Жарыяланган
2025-03-07, 11:022025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана «Элдик Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту.
Бул документ тараптардын шаардык инфраструктурада заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотуу боюнча ниеттерин тастыктайт. Алгачкы этапта муниципалдык унаа токтотуучу жайларга QR-коддорду жайгаштыруу менен төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу механизми ишке киргизилет.
«Бул демилге электрондук төлөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган улуттук саясаттын алкагында ишке ашырылууда. Элдик Банк — өлкөнүн каржылык экосистемасынын негизги катышуучуларынын бири катары шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди ишке ашырууну улантат. Мындай демилгелер Бишкекти акылдуу жана ыңгайлуу мегаполиске айлантууга чоң салым кошот», — деди Уланбек Ногаев, «Элдик Банк» ААКнын Башкармасынын төрагасы.