Akchabarsearch
    Жалал-Абадда мыйзамсыз курулушка уруксат берилгени аныкталды

    Жарыяланган

    2025-02-07, 14:47

    Жалал-Абадда мыйзамсыз курулушка уруксат берилгени аныкталды

    Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулушка уруксат берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

    Жалал-Абаддын Аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, одоно мыйзам бузуулар аныкталган. 

    Маалыматка ылайык, "Б.К." компаниясына беш кабаттуу турак жай куруу үчүн уруксат берүүчү документтер курулуш нормаларын бузуу менен, колдонуудагы мыйзамдарда каралган талаптарды сактабастан берилген.

    Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу