Жарыяланган
2025-02-07, 15:33Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов дагы бир өлкөдө элчилик кызматты аркалайт.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамытканов Кыргызстандын Грузиядагы элчиси болуп дайындалды. Анын башкы резиденциясы Бакуда (Азербайжан) болот.
Эскерте кетсек, Максат Мамытканов Азербайжандагы элчилик кызматка 2024-жылы июнда келген.
Мамытканов буга чейин улуттук коопсуздук органдарында иштеп, кийин отставкага чыккан. Ал «Чоң Казат» партиясынын лидери болуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийин бир нече ай вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2021-жылы июнда Кыргызстан тараптан Евразиялык экономикалык комиссияда бажылык кызматташуу боюнча министр болуп дайындалган.