Akchabarsearch
    Ак-турпак күрүчүн экспортко чыгаруу пландалууда

    Жарыяланган

    2025-07-08, 16:31

    Ак-турпак күрүчүн экспортко чыгаруу пландалууда

    Ак-Турпак күрүчүн экспортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткендин Миң-Чынар айылындагы күрүчтү кайра иштеткен "Ак-Турпак Групп" ишканасына барып, өндүрүш иши менен таанышкан. 

    Ишкана Дүйнөлүк банк, АРИС жана "Аймактык экономикалык өнүктүрүү-2" долбоорунанн алынган жеңилдетилген насыянын эсебинен салынган. Анда 1 комбайн, 2 трактор, 2 портер, 2 таңгактоочу станок, күрүчтү тазалоочу 1 станок бар.

    Белгилей кетсек, Ак-Турпак жана Молдо Нияз айыл аймактарында жыл сайын 3200 га жерден 12.2 миң тоннага жакын күрүч алынат. Эми аны таңгактап, экспортко чыгаруу пландалууда. 


    Тектеш материалды окуу