
Жарыяланган
2026-01-07, 14:02Ош шаарында быйыл жарым жылда былтыркы алты айга караганда 505 млн сомго көбүрөөк салык чогултулду. Бул тууралуу мэр Жанар Акаев салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, быйыл алты айда 1млрд 683 млн сом салык жыйналган. 2025-жылдын жарым жылына салыштырмалуу 505 млн сомго көбүрөөк салык чогултулган. Өсүш 43% болгон.
Ал билдиргендей, акыркы эки жыл ичинде Ош шаарынын жергиликтүү бюджети эки эсеге өстү. 2026-жылдын бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчаны кошкондо 7.5 млрд сомго жетти.



