Akchabarsearch
Ысык-Көлдө кеме чогулткан завод салынат

Жарыяланган

2026-01-07, 13:31

Ысык-Көлдө кеме чогулткан завод салынат

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Пристань конушунда заманбап балык чарбасы жана кеме чогултуу комплекс курулууда. Долбоор менен президент Садыр Жапаров таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Долбоорго ылайык, балык чарбасында көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлүп, ошондой эле сатык үчүн форель жана келечекте судак өстүрүлөт. 

Ишканада 33 балык өстүрүүчү бассейн жана булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган заманбап суу тазалоо системасы болот.  Ишкана күн панелдеринен элекр энергия алып иштейт.

Курулуш иштери июнь айында башталган жана ноябрь айында аяктайт деп пландалууда. 

Ишканада жылына 2 миң тоннага чейин балык өстүрүлүп, Россия менен Кытайга экспорттолот. 

Ошондой эле аталган конушта кеме чогултуучу завод салынганы жатат. Анда 350 тоннага чейинки кемелер кураштырылат. Алар экологиялык жактан таза болуп, сууга зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай турган электр кыймылдаткычтары менен иштейт. 

Кеме чогулткан комплекстин жалпы аняты 2.5 миң чарчы метр болуп, анда 120 киши иштейт. 


Тектеш материалды окуу

  • Бишкек: 17 сом төлөгөндөн кийин кантип бир нече автобуска бекер түшсө болот?

    Бишкекте 1-июлдан тарта мэриянын автобустарында 17 сом төлөп, 1 саат ичинде бир нече автобуска акысыз түшүүгө болот. Мэриянын Транспорт департаменти бул боюнча түшүндүрмө берди.
    2026-01-07 10:11:20
  • Азырынча түнкү автобустар каттамга чыкпайт

    Бишкекте 1-июлдан тарта түнкү автобустар иштей баштайт деп пландалган. Бирок учурда каттам схемалары толук даяр боло элек болгондуктан, түнкү автобустар азырынча каттабайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров билдирди.
    2026-01-07 09:13:11
  • Акаев Ош шаарында чогултулган салык 505 млн сомго көбөйгөнүн айтты

    Ош шаарында быйыл жарым жылда былтыркы алты айга караганда 505 млн сомго көбүрөөк салык чогултулду. Бул тууралуу мэр Жанар Акаев салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.
    2026-01-07 08:02:49
  • Ысык-Көлдө кеме чогулткан завод салынат

    Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Пристань конушунда заманбап балык чарбасы жана кеме чогултуу комплекс курулууда. Долбоор менен президент Садыр Жапаров таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
    2026-01-07 07:31:51