Akchabarsearch
Бишкек: 17 сом төлөгөндөн кийин кантип бир нече автобуска бекер түшсө болот?

Жарыяланган

2026-01-07, 16:11

Бишкек: 17 сом төлөгөндөн кийин кантип бир нече автобуска бекер түшсө болот?

Бишкекте 1-июлдан тарта мэриянын автобустарында 17 сом төлөп, 1 саат ичинде бир нече автобуска акысыз түшүүгө болот. Мэриянын Транспорт департаменти бул боюнча түшүндүрмө берди. 

Бир саат ичинде бир автобустан башка автобуска түшүү үчүн сизде “Тулпар” картасы болушу керек. Банктык карта же QR-код менен жол кире төлөгөндөр үчүн мындай мүмкүндүк берилген эмес.

Бир саат ичинде эң көп 4 автобуска акысыз түшкөнгө болот.

Автобус алмаштырган сайын картаны валидаторго тийгизип туруу керек. Маселен, биринчи автобуска түшүп, жол кире төлөйсүз. Андан кийин экинчи же үчүнчү автобуска отурганда “Тулпар” картасын валидаторго жөн гана тийгизип коесуз: мында картадан акча алынбайт. Система сиздин автобуска түшкөнүңүз акысыз экенин автоматтык түрдө аныктайт. 

Биринчи автобуска отуруп, акча төлөгөн менен экинчи автобуска түшкөнүңүздүн ортосунда кеминде 10 мүнөт өткөн болушу керек. Эгер 10 мүнөткө жетпей картаңызды валидаторго тийгизсеңиз, ал кадимки төлөм катары саналып, картаңыздагы акча кемитилет. 

Бир саат өткөндөн кийин башка автобуска түшсөңүз, картаңыздан 17 сом кемийт дагы жанагыдай эле бир саат ичинде бир нече автобус которо аласыз.

Дагы бир маанилүү жагдай, картаны валидаторго тийгизгенде, акча дароо кемитилбей, бир аз кечирээк алынышы мүмкүн. Бул система сиз канча автобуска түшкөнүңүздү туура эместеп, акчаны туура кемитиши үчүн керек. 
 


Тектеш материалды окуу