Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-06-09, 12:49

Акылбек Жапаров: Жаңы учактар, тик учактар жана автоунаалар мамлекеттин экономикасынын модернизациясын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын «Манас» эл аралык аэропортунун ачык акционердик коомунун «Asman Airlines» авиакомпаниясы үчүн сатып алынган биринчи Bombardier Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаңы учактар жана тик учактар, көптөгөн министрликтердин жана ведомстволордун автотранспортунун жаңыртылышы өлкөнүн экономикасынын модернизация процессин көрсөтөт деп билдирди. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында райондук башкармалыктарга 60 автоунаа тапшырылды. Ички иштер министрлиги 100 Chevrolet маркасындагы автоунаа алды. Ошондой эле автоунаалар ӨКМ, Энергетика министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берилди. Бул автоунаалардын көпчүлүгү жана Париж Олимпиадасынын баатыр спортчуларына берилген автоунаалар өзүбүздүн Tulpar Motors заводунда чыгарылган. «Экономикадагы модернизация тууралуу китептин автору катары, модернизация процессин көрүп, анын бир бөлүгү болгонума абдан кубанып жатам. Модернизация процесси улана берет жана бул өлкөнүн экономикалык күчүн жогорулаткан маанилүү фактор болот. Акыркы 3 жыл өлкөнүн 30 жылдык көз карандысыздык тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Биз экономикада чоң жетишкендиктерге жетиштик, бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдө: ИДПнын өсүүсүндө, мыйзамсыз экономиканын кыскаруусунда, мамлекеттик бюджеттин ресурстарын көбөйтүүдө чагылдырылууда. Биз чоң өлчөмдө тышкы карызды – дээрлик 500 млн доллар төлөп берүүгө жетиштик. Буга чейин мындай сумма биз үчүн оор эле, жана биздин жерлерди кредиторлорго өткөрүп берүү коркунучу бар болчу. Мунун баары биздин Президент Садыр Нургожоевичтин профессионалдуу командасынын эмгегинин натыйжасы», - деди Акылбек Жапаров. Белгилей кетсек, Bombardier Dash 8 Q-400 учагы канадалык DeHavilland Aircraft of Canada компаниясынан алынган, бул жакын аралыкта учууга ылайыкталган учак, 80ге чейин пассажир алып, 2 миң чакырымга чейин учурууга жөндөмдүү. Q400 заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү аба кемеси. Учак кыска аралыктагы рейстерди натыйжалуу аткара алат, бул аны Кыргызстанда шаарлар жана аймактар арасында учуу үчүн абдан ыңгайлуу кылат.


Тектеш материалды окуу