
Жарыяланган
2026-20-08, 10:322026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга дээрлик 783 млн сомго самын импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Беш айда өлкөгө жалпы 5 миң тоннадан ашык самын сатып келинген.
Самын Кыргызстанга 40тай өлкөдөн импорттолгон. Бирок анын көбү Россия (1 миң 196.1 тонна), Кытай (1 миң 125.9 тонна), Казакстан (650.2 тонна), Түркия (507.3 тонна), Корея (477.7 тонна), Өзбекстан (406.5 тонна), Иран (255.1 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарынан (191.1 тонна) ташып келинген.
Былтыр беш айда болсо өлкөгө 4.8 миң тоннадай самын импорттолгон.



