Akchabarsearch
«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окуу үчүн жылына 50 миң долларга чейин грант берилет

Жарыяланган

2026-21-04, 14:43

«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окуу үчүн жылына 50 миң долларга чейин грант берилет

Министрлер кабинети «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жылына 50 миң долларга чейин мамлекеттик грант берүү тартибин бекитти.

Бул грант чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн берилет. Гранттын көлөмү жылына 50 миң долларга чейин жетиши мүмкүн. Орундардын саны өкмөт тарабынан аныкталат жана өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттарга артыкчылык берилет.

Грант алуу үчүн талапкерлер тандоо сынагынан өтөт. Документ тапшыруу, конкурс өткөрүү, келишим түзүү жана окууну каржылоо тартиби так белгиленген. Ошондой эле айрым учурларда мамлекетке чыгымды кайтарып берүү шарттары да каралган.

Грант алган студенттер окууну аяктагандан кийин мамлекеттик комиссия аныктаган тармакта кеминде 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Бул шарт студент менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосундагы келишимде бекитилет.

«Акылман» лицейи 2023-жылы президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашып, өлкө боюнча таланттуу окуучуларды окутат.

Лицейде окуу 6-класстан башталат. Окуучулар кыргыз жана англис тилдеринде билим алышат, негизги басым STEM багыттарына жасалган. Алгачкы бүтүрүүчүлөрү 2027–2028-окуу жылында чыгары күтүлүүдө.
 


Тектеш материалды окуу