Akchabarsearch
Манас шаарындагы “Акылман” лицейинин сметасы 400 млн сомго кыскартылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-01-07, 12:00

Манас шаарындагы “Акылман” лицейинин сметасы 400 млн сомго кыскартылды

Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” атындагы президенттик лицейдин сметалык наркы кайра эсептелип, 2.1 миллиард сомдон 1.7 миллиард сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор оптималдаштырылып, курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 миң 103 доллардан 750 долларга чейин арзандаган. Натыйжада объекттин жалпы наркы 400 миллион сомго жакын кыскарды.

Учурда курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев 28-июнда объектке барып, иштин жүрүшүн текшерип, сапат жана мөөнөттү так сактоо боюнча тапшырмаларды берген.

Бүгүнкү күндө лицейдин курулушу 75%га аяктап калды. Долбоор 2.4 гектар аймакты камтып, 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусун, 410 орундуу жатакананы жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жайды камтыйт.

Мектепте 34 окуу классы, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, 25 метрлик бассейн жана спорт зал курулат. Ошондой эле эл аралык стандарттагы стадион, чуркоо жолу жана жашылдандыруу иштери каралган.
 


Тектеш материалды окуу