
Жарыяланган
2026-25-08, 11:58Манас шаарындагы «Акылман» атындагы Президенттик мектеп-лицейи быйыл сентябрда пайдаланууга берилет. Объекттин жалпы сметалык баасы 1,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мектеп-лицей 360 окуучуга ылайыкталып, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батири бар турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик бассейн, спорт залы жана стадионду камтыйт.
Буга чейин долбоордун сметалык баасы кайра каралып, чыгымдарды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Алгач курулуштун баасы 2.1 млрд сомдон ашык болуп, 1 чарчы метринин баасы 1 103 долларды түзгөн.
Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында 1 чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин төмөндөтүлүп, долбоордун жалпы наркы 1.7 млрд сом деп белгиленген. Натыйжада мамлекеттик бюджеттен 443.5 млн сом үнөмдөлгөн.



