
Жарыяланган
2026-18-03, 15:08Манас жана Талас шаарларында “Акылман” президенттик лицейи ачылат. Жаңы окуу жылына карата окуучуларды кабыл алуу башталат. Бул тууралуу лицейдин директору Эмил Рыскулов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 15-марттан 15-апрелге чейин окуучулар үчүн онлайн каттоо жүргүзүлөт. Быйыл жаңы ачылган филиалдарга 7–8-класстарда окуй турган окуучулар кабыл алынат. Ошондуктан сынакка 6–7-класстын окуучулары катыша алат.
15-апрелден май айынын аягына чейин 7-класстар үчүн (азыркы 6-класстын окуучулары) конкурс өткөрүлөт. Ал эми 8-класстар үчүн (азыркы 7-класстын окуучулары) сынак июнь айында башталат.
Жалпысынан 3 тур өткөрүлөт: биринчи жана экинчи тур онлайн форматта, үчүнчү тур областтык борборлордо офлайн негизде уюштурулат.
Учурда кабыл алуу иштерин лицейдин кабыл алуу комиссиясы жүргүзүп жатат.
