Жарыяланган
2025-13-05, 16:53Акыркы жылдары Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 600 миңдей кыргызстандык чет жакта миграцияда жүрөт. Анын 379 миңи Россияда. 2020-жылдагы маалымат боюнча, Россиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 680 миңге жакын болчу.
Бакыт Дарманкул уулу билдиргендей, өлкө бийлиги чет жердеги кыргызстандыктардын шарттарын жеңилдетүүгө гана эмес, аларды мекенине кайтарууга да кызыкдар. Ошол эле маалда миграция процесси токтобой тургандыктан, Россиядан кайткан кыргызстандыктардын арасында башка өлкөлөргө иштеп келүүгө кеткендер да кездешет.
"Биздин министрликтин жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча борбор бар. Ал борбор төрт жеке агенттиктер менен иштешет. Жыйынтыгында, былтыр 20 миңге жакын адам чет өлкөлөргө кетишти. Бүгүнкү күндө 29 мамлекетке кетип жатышат. Эң суроо-талап көп каттам – Англия. Ал жакка негизинен мезгилдик иштерге барышат. Кабыл алуучу тараптын талабы – иштегени келгендер белгилүү бир мөөнөт иштеп, андан соң мекенине кайтып кетиши керек. Англия чет өлкөлүк жарандарга 40 миң квота берген, анын он миңин биз пайдаланып жатабыз", - деди ал.
Анын айтымында, быйыл Англиядагы мезгилдик иштерге 2,5 миң кыргызстандык жөнөп кетти. Экинчи этабында 3 миң жарандын кетиши күтүлүүдө.