Жарыяланган
2025-13-05, 16:22Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанда пенсия төлөөгө 34 млрд 433.7 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Бишкекте пенсия берүүгө 6 млрд 341 млн 999.5 миң сом, Ош облусунда – 6 млрд 25 млн 149 миң, Жалал-Абад облусунда – 5 млрд 923 млн 648 миң, Чүй облусунда – 4 млрд 557 млн 477.1 миң, Ысык-Көл облусунда – 3 млрд 72 млн 390.9 миң, Баткен облусунда – 2 млрд 945 млн 348.7 миң, Ош шаарында – 1 млрд 560 млн 274.5 миң жана Талас облусунда 1 млрд 415 млн 248.3 миң сом жумшалган.
Былтыр 4 айда пенсияны төлөөгө 28 млрд 812,9 млн сом кеткен.