Жарыяланган
2025-13-05, 18:31Чет өлкөлүк жарандарга "Санарип көчмөн" (Digital nomad) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алынды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жобонун негизги максаты:
– Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;
– арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана "Санарип көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– чет өлкөлүк жарандарга "Санарип көчмөн" статусун ыйгарууну белгиленген тартипте камсыз кылат;
– "Санарип көчмөн" статусунун ыйгарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт;
– зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартат.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк жарандардын – жеке ишкерлер катары катталган, "Санарип көчмөн" статусунун ээлеринин санын эсепке алууну жүзөгө ашырат.
Кабыл алынган токтом тууралуу толук маалыматты өкмөттүн сайтынан алууга болот.