Akchabarsearch
    Бишкекте автобустарда жол кирени QR код менен төлөө мүмкүн болбой жатат. Себеби

    Жарыяланган

    2025-13-05, 17:33

    Бишкекте автобустарда жол кирени QR код менен төлөө мүмкүн болбой жатат. Себеби

    Бишкекте жол оңдоо иштери учурунда интернет провайдерлердин оптикалык була линиялары үзүлүп, анын айынан автобустарда жол кирени QR код аркылуу төлөө убактылуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы билдирди. 

    Ошол эле учурда "Тулпар" жана банк карталары менен жол кирени төлөөгө болот. 

    Ишкана учурда аталган мүчүлүштүктү чечүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. 

    Ошондой эле аталган мекеме келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.


    Тектеш материалды окуу