
Жарыяланган
2025-21-11, 14:04Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Жылгын айылында 225 орундуу, үч кабаттуу М. Барпиев атындагы жаңы мектеп салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, баасы 80 млн сомду түзөт.
Имаратта негизги класстардан сырткары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары болот. Учурда курулуштун экинчи кабаты тургузулууда.
Эскерте кетсек, учурдагы мектеп 2012-жылы жеңил материалдар менен курулуп, 12 жылдан бери колдонулуп келет. Азыр анда 368 окуучу билим алууда.



