
Жарыяланган
2025-24-11, 14:40Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толугу менен бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объект республикалык бюджеттен каржыланып, 74 млн сомду түздү.
Маалыматка караганда, 225 орундуу мектеп эки кабаттуу окуу корпусун, спорт залын, лабораторияны, китепкананы, дарыгер бөлмөсүн, компьютердик классты жана балдар-кыздар үчүн эмгек бөлмөлөрүн камтыйт.
Объекттин жалпы аянты 1 миң 705 чарчы метрди түзөт.



