Akchabarsearch
    «Айгүл» ААКнын акционерлери «Айгүл плюстун» 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө макулдук беришти

    Жарыяланган

    2025-17-02, 13:59

    «Айгүл» ААКнын акционерлери «Айгүл плюстун» 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө макулдук беришти

    "Айгүл" тигүү фабрикасынын акционерлери "Айгүл плюс" ЖЧКсынын 100% үлүшүн мамлекетке бекер өткөрүп берүүнү чечишти.

    Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматына ылайык, тиешелүү чечим 2025-жылдын 5-февралында Бишкекте өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган. Демилге компаниянын 77,06% акциясынын ээлери тарабынан колдоого алынган.

    Ага ылайык, башкы директорго Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен келишим түзүү жана активдерди өткөрүп берүү шарттарын аныктоо тапшырылды. "Айгүл плюс" ЖЧКсы 2021-жылы түзүлүп, мектепке чейинки билим берүү менен алектенет. Аталган уюм Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, Бишкек шаарында бала бакча жана билим берүү борбору жайгашкан.


    Тектеш материалды окуу