
Жарыяланган
2026-11-06, 16:47“Ала-Арча” кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркына кирүү акысы кымбаттатылды. Бул тууралуу жаратылыш парктын администрациясы билдирди.
Эми паркка кирүү акысы чоңдор үчүн 250 сом (буга чейин 200 сом), 7-14 жаштагы балдар үчүн 180 сом болот (буга чейин 150 сом). 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысыз.
Ошондой эле электр унаалар үчүн кирүү акысы 880 сом болуп калат (буга чейин 800сом).



