
Жарыяланган
2026-11-06, 15:20Транспорт министрлиги Бишкек менен анын түштүк тарабындагы айылдарды байланыштырган үчүнчү жолду салууну пландап жатат. Жаңы жол менен Чуңкурчак, Арашан, Кой-Таш жана башка айыл-конуштарга барууга мүмкүн болот.
Министр Талантбек Солтобаевдин айтымында, азыр борбор калаанын түштүк тарабындагы айылдарга барган эки жол бар. Бири – Бишкек – Кой-Таш жолу, экинчиси Чоң-Арык айылы аркылуу кеткен жол. Бирок аларда азыр жол тыгындары көп болууда.
Ошондуктан аларга Бишкек – Кой-Таш жолун кеңейтүү боюнча тапшырма берилген. Бирок ал жерде буздурула турган объектилер көп. Ал эми Чоң-Арыктагы жолду кеңейтүүгө болбойт. Ошондуктан алар кошумча дагы бир жолду – Бишкек – Арашан жолун салууну караштырып жатат.
Жаңы жол Бишкектин 12-кичи районунун тушунан башталып, тоо тарапты көздөй кетип, кокту-колотту аралап, Арашан айылы жактан чыгат. Анын узундугу болжол менен 9-11 чакырымды түзүп, жол 4 тилкелүү болгону жатат.
Учурда бул жолду салуу Транспорт министрлигинин алдына койгон планы. Жол качан курула баштай турганы, канча акча кетери эсептеле элек. Азыр биринчи кезекте жол өтө турган жердин маселесин чечүү иштери турат.



