
Жарыяланган
2026-11-06, 17:58Кыргызстанда эл жашаган айыл-конуштарга жакын жайгашып, абаны булгаган, ашыкча ызы-чуу чырарган завод-ишканаларга талаптарды күчөтүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору 9-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Дастан Жумабеков. Анын айтымында, азыр Бишкек шаарында, Ош, Чүй жана башка облустарда эл жашаган үйлөргө жакын жайгашкан бетон, бышкан кыш чыгарган завод-ишканалар бар.
Маселен Кара-Жыгач айылында 6 завод турак үйлөрдүн арасында, Новопавловка, Кожомкул, Көк-Жар, Ала-Арчада заводдор конуштардын жанында жайгашкан. Көптөгөн заводдор Союз учурунда салынган, ал эми үйлөр кийинчерээк, көбүнчө, мыйзам бузуу менен салынган.
“Мурда заводдор болгон, кийин алардын тегерегинде үйлөр тургузулуп калган. Эми ошол жарандар көп жылдар бою цементтин, топурактын, кумдун жана көмүрдүн чаңы менен дем алып, түтүнгө ууланып келет”, - дейт ал.
Жумабеков жанагыдай чаң-түтүн менен дем алып жүргөндүн айынан эл арасында дем алуу органдарынын оорулары менен ооругандар көп экенин айтат.
“Анын кесепетинен, мисалы, 2023-жылы 627 миңден ашык киши медициналык жардамга кайрылган. Ал оорулар менен күрөшкөнгө бюджеттен жана дарыланганга элдин чөнтөгүнөн миллиард деген сомдор кетип жатат. Адамдардын ден соолугуна зыян тийүүдө”, - дейт ал.
Ал эл жашаган конуштарга жакын турган ишканалардын ишин жөнгө салуу үчүн мыйзам долбоорун даярдалганын айтты.
Жумабековдун айтымында, азыр кайсы бир ишкана абаны булгаса, жагымсыз жыт чыгарып турса, мамлекеттик органдар аларга 20-30 миң сом гана айып сала алат. Ишкана ал айыпты төлөп коюп, кайра иштей берет. Бирок ишкананы модернизациялоо, жабдууларын жаңылоо, чыпка орнотуу, чаң чыгарбасын деп милдет жүктөө үчүн мыйзам жок.
“Бишкектин өйдө жагында таш майдалаган цехтер 10 метр аралыкта жайгашкан айылдар бар экен. Элдер аларды “жабылсын” деп арызын жазып жатат. Бирок жабылбайт. Алар мыйзамга таянып иштеп жатат. Бирок эл “алар жолду бузуп жатат, түндө уктатпайт, чаң” деген маселени көтөрүп, президентке чейин даттанды”, - дейт ал.
Сунушка ылайык, эгер элден же жергиликтүү бийликтен кайсы бир ишкана-заводдун үстүнөн кара түтүн чыгып жатат же ашыкча ызы-чуу чыгарып жатат, экологияга зыян келтирүүдө (ж.б.) деген арыз-даттануу түшсө, мамлекеттик орган аларды текшерип барат.
Текшерүү учурунда азыр-даттануулар ырасталса, ишканага эскертүү берилип, кемчиликтерди жоюу талабы коюлат, аны аткарганга убакыт берилет. Эгер аны аткарса, иштей берет. Кокус завод эскертүүгө карабай мурункудай эле иштей берсе, анын ээсине айып салынат. Айыпты төлөгөнү төлөп коюп, бирок завод баягыдай эле элди ыштап, кара түтүнүн чыгарып иштей берсе, мамлекеттик орган анын ишин токтотот.
Андан кийин заводго жаңыланып, айтылган кемчиликтерди жоюуга дагы убакыт берилет. Ага болбой завод модернизация жасабаса, ал жабылат же башка жерге көчүп кетиши керек болот.



