Akchabarsearch
Бишкекте «Манас» университети аркылуу өткөн көчөнүн курулушу башталды

Жарыяланган

2026-11-06, 15:45

Бишкекте «Манас» университети аркылуу өткөн көчөнүн курулушу башталды

Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жалдагы кампусу аркылуу өткөн Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Маалым болгондой, жолдун узундугу 1.35 чакырымга жетет. Ал эки тилкелүү болуп, эни 8 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына жөө адамдар баса турган тротуар салынат. 

Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектин Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул жол Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү жол тыгындарын азайтуу үчүн салынат. 

Мэрия жол «Манас» университетинин кампусу аркылуу өткөндүктөн, ал жакта окуган студенттердин жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жердин алдынан өткөн эки өтмөк салынарын билдирди. 

Ошондой эле шаар бийлиги жолду бойлой өскөн бак-дарактар кыйылбай турганын убада кылды. 


Тектеш материалды окуу