
Жарыяланган
2026-05-10, 12:47"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кайың токоюнда от жаккан жарандар айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган токойдун аймагында от жагууга тыюу салынган. Бирок текшерүү учурунда тыюу салууга карабай, токойдо от жаккан эки жаран аныкталган. Ага байланыштуу аларга 7.5 миң сомдон, жалпы 15 миң сом айып салынган.
Мындан тышкары жарандарга токой аймагында өрт коопсуздугун сактоо, белгиленбеген жерлерде от жакпоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.



