Akchabarsearch
«Ала-Тоо Резорттун» ачылышына 15 миң турист жана 50 эл аралык блогер келери күтүлүүдө

Жарыяланган

2026-25-11, 15:04

«Ала-Тоо Резорттун» ачылышына 15 миң турист жана 50 эл аралык блогер келери күтүлүүдө

1-декабрда беш жылдыздуу «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортунун расмий ачылышына 15 миңге жакын турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, учурда курорттун аймагында 2 миң чарчы метр аянтты ээлеген көргөзмө жайы курулууда. Анда туристтик көргөзмө, тамактануучу жана эс алуучу жайлар уюштурулат. Ошондой эле туристтердин ыңгайлуулугу үчүн визит-борборлор түзүлүп, 20га жакын көчмө даараткана орнотулат.

Курорттун ачылышын чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөгө таанымал 50гө жакын саякатчы блогер келет.

Иш-чаранын конокторунун арасында Олимпиада чемпиондору, анын ичинде австриялык белгилүү тоо лыжачысы Херман Майер да болот.

Курорттун ачылышына карата масштабдуу маданий программа даярдалууда. Иш-чара эл аралык деңгээлдеги кышкы фестиваль форматында өтөт. 


Тектеш материалды окуу