
Жарыяланган
2026-25-11, 13:30Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык олимпиадалык стандарттарга жооп берген спорт комплексин куруу пландалууда. Долбоорго 30–50 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында Туризм агенттигинен билдиришти.
Комплекс спортчуларды даярдоо боюнча дүйнөдөгү жетинчи ушундай деңгээлдеги база болушу мүмкүн.
Курулуш үчүн 72 гектар жер бөлүнгөн. Аталган жер тилкеси 2022-жылы министрлер кабинетинин чечими менен Туризмди өнүктүрүү фондуна өткөрүлүп берилген.
Учурда жергиликтүү инвестор табылган. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 30 жылдык мөөнөткө ишке ашыруу пландалууда. Мөөнөт аяктагандан кийин курулган объектилер мамлекеттин балансына өтөт. Учурда башкы келишим даярдалып жатат.
Комплекстин өзгөчөлүгү — деңиз деңгээлинен 1.6 миң метр бийиктикте жайгашкандыгында. Тоо менен көлдүн абасы спортчулардын машыгуусуна жана чыдамкайлыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Алгач жайкы олимпиадалык спорт түрлөрү үчүн инфраструктура түзүлүп, келечекте кышкы спорт түрлөрүн да өнүктүрүү каралууда. Комплексте кыргызстандык спортчулардан тышкары чет өлкөлөрдүн олимпиадалык курама командалары да машыга алышат.
Ошондой эле долбоордун алкагында жаңы жумуш орундары түзүлүп, аларга Кыргызстандын жарандары тартылат.
Долбоорго улуттук макам берүү пландалууда.



