
Жарыяланган
2026-25-11, 16:15Жогорку Кеңештин 25-ноябрындагы жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Таласта төө буурчак маселеси чечилбей жатканын билдирди.
Депутат президенттин колдоосу менен Таласта төө буурчакты кайра иштеткен ишкана салынганын, аны курганга жана дыйкандардан төө буурчакты кабыл алуу үчүн ага 2 млрд сомдой акча берилгенин эске салып, бирок облуста төө буурчак маселеси чечилбей жатканын айтты.
Ал билдиргендей, башында ишкана ачыларда төө буурчактын "лопатка" түрү 135 сомдон, "томат" деген түрү 100 сомдон алынары айтылган. Бирок азыр "томат" төө буурчагы азыр 95 сомдон алынууда.
Анын айтымында, "лопатка" төө буурчагы чоң-кичине деп сорттолсо, "томат" төө буурчагы антип сорттолбойт. Бирок азыр "томат" төө буурчагын алып жатканда чоң-кичине деп сорттоп алгандыктан, дыйкандан түшүмүн 40%га чейин арзан өткөрүп, төө буурчакты 55 сомдон саткандай болуп калууда.
"Төө буурчактын өздүк наркы 72 сомду түзөт", - дейт депутат.
Ошондой кабыл алуу пункту саат 09:00до ачылып, 18:00до жабылгандыктан, дыйкандар 3-4 күндөп кезек күтүп, ал жакта түнөп калууга аргасыз. Ошондуктан депутат кабыл алуу пунктун күнү-түнү иштетүүнү суранды.



