Akchabarsearch
Аламүдүн районунда уруксатсыз курулуп жаткан бетон заводуна 200 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-12-03, 15:10

Аламүдүн районунда уруксатсыз курулуп жаткан бетон заводуна 200 миң сом айып пул салынды

Аламүдүн районунда уруксатсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында курулуп жаткан бетон заводу тууралуу түшкөн маалымат негиз болду.

Анда бетон түйүнүнүн курулушу боюнча бекитилген долбоордук документация, курулушка уруксат берүүчү документ, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен зарыл болгон макулдашуулар жок экени аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзуп жаткан “Бишкек Инвестмент Групп” ЖЧКсына карата административдик чаралар колдонулуп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу тууралуу токтом кабыл алынды.

Мындан тышкары, аныкталган бетон түйүнүн эксплуатациялоо иштери мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштурулганга чейин токтотулду.


Тектеш материалды окуу