Akchabarsearch
Алдыдагы үч жылда мамлекеттик карызды кайтарганга дээрлик 430 млрд сом сарпталат

Жарыяланган

2026-07-09, 17:56

Алдыдагы үч жылда мамлекеттик карызды кайтарганга дээрлик 430 млрд сом сарпталат

Алдыдагы үч жылда Кыргызстан мамлекеттик карызды (ички жана тышкы карыз) төлөөгө дээрлик 430 млрд сом жумшайт деп пландалууда. Бул тууралуу республикалык бюджеттин долбоорунун түшүндүрмө катында айтылат. 

Бул сумманын ичинен 135.21 млрд сом - 2027-жылы, 149.8 млрд сом - 2028-жылы жана 144.5 млрд сом - 2030-жылы бөлүнөт.

Мамлекеттик карызды төлөгөнгө кете турган акчанын басымдуу бөлүгү өлкө ичинен алынган карызды кайтарганга коротулат:

Маселен 2027-жылы мамлекеттик карызды кайтарганга 135.21 млрд сом сарпталса, анын 53.03 млрд сому ички тышкы карызды, калган 82.2 млрд сому ички карызды төлөгөнгө коротулат.

2028-жылды бересени кайтарууга бөлүнгөн 149.8 млрд сомдун 52.55 млрд сому тышкы карызга, калган 97.3 млрд сом ички карызга кетет.  

Ошондой эле 2029-жылы тышкы бересени төлөөгө 54.4 млрд сом, ички бересени кайтарууга 90.1 млрд сом сарпталат.

Алдыдагы үч жылда мамлекеттик карызды төлөгөнгө жалпы 430 млрд сомдой акча кетсе, анын 62.7%ы же 269.6 млрд сому ички карызга, 37.3%ы же 160.1 млрд сому гана тышкы карызды төлөгөнгө жумшалат. 


Тектеш материалды окуу