Akchabarsearch
Чайдын импорту дээрлик 3.5 эсе азайды

Жарыяланган

2026-07-09, 15:53

Чайдын импорту дээрлик 3.5 эсе азайды

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга дээрлик 434 млн сомго чай импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө жалпы 1.5 миң тоннага жакын чай ташып келинген.

Чай Кыргызстанга 16 өлкөдөн импорттолгон. Анын ичинен эң көп Шри-Ланка (350.4 тонна), Казакстан (322.3 тонна), Кения (321.5 тонна), Кытай (276.4 тонна) жана Россиядан сатып келинген.

2025-жылдын жарым жылына караганда импорт дээрлик 3.5 эсе же 3.6 миң тоннага азайган. Былтыр январь-июнь айларында 5.1 миң тоннага жакын чай импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу