
Жарыяланган
2026-14-09, 18:38Ар бир жаран Социалдык фондго акча которуп, карылыктын, пенсиясынын камын көрүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Жыйында депутат Улукбек Карыбек уулу буга чейин Соцфонд "жер үлүш ээлери Соцфондго камсыздандыруу төгүмүн өз ыктыяры менен төлөсүн" деген чечим кабыл алганын, бирок алардын арасында акча төлөгөндөр аз экенин айтып, "төлөбөй жүргөндөр 10-15 жылдан кийин кантип пенсия алат?" деген суроо узатты.
Бактияр Алиевдин айтымында, жер үлүшү менен Соцфодго акча төлөгөндөр 25 жыл ичинде болгону 1.5-2 миң сом төлөшчү. Бирок пенсияга чыгары менен биринчи айында эле андан көп пенсия алчу. Соцфонддогу акчанын бир топ бөлүгү аларга пенсия төлөөгө кетет.
Алиев Соцфонд Коргоо министрлиги эмес экенин, пенсияны төлөөгө кеткен акча өлкө бюджетинен эмес, ар бир жаран Соцфондго которуп келген акчанын негизинде төлөнөрүн билдирди. Мугалим, медайым, дарыгер болобу, бардыгы камсыздандыруу төгүмүн төлөп, өзүнүн пенсиясын өзү камсыз кылат. Ошондуктан жер үлүш ээлери да Соцфондго толук кандуу акча төлөшү үчүн жанагы чечим кабыл алынган.
Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн карылыгынын, пенсиясынын камын ойлоп, Соцфондго акча төлөшү керек.



