Akchabarsearch
Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Жарыяланган

2026-14-09, 15:37

Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Кореяга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров биринчи жолу өтө турган “Борбор Азия — Корея” саммитине катышат. Анын жыйынтыгы боюнча Сеул декларациясы кабыл алынат.

Ошондой эле Жапаров Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлат деп пландалууда.

Садыр Жапаров Кореяга президент Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен барат. 
 


Тектеш материалды окуу