Akchabarsearch
Соцфонд: 2040-жылга чейин пенсия төлөөдө маселе болбойт

Жарыяланган

2026-14-09, 17:31

Соцфонд: 2040-жылга чейин пенсия төлөөдө маселе болбойт

2040-жылга чейин пенсия төлөөдө маселе болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Алтынбек Кудайбердиев азыр жылдан жылга пенсия көбөйүп жатканын айтып, "алдыдагы жылдарда пенсия төлөөдө маселе жаралбайбы, Социалдык фонддун кошумча каражаттары барбы?" деген суроо узатты. 

Алиевдин айтымында, азыр Кыргызстанда иштеп жаткан жарандардын санын пенсионерлердин саны менен салыштыра келгенде, бир пенсионерге 1.8 адам туура келет. Ошол эле учурда жарандардын иштеген жумушу уюшкан тармак жана уюшкан эмес тармак деп экиге бөлүнсө, Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 98%ы уюшкан тармактан (бюджеттик мекеме-ишкана, жеке ишкана, уюмдар ж.б.) түшөт. Акчанын көп бөлүгү ушул тармактан түшүп жаткандыктан, бир пенсионерге иштеп жаткан 0.9 адам туура келип калат. Бир адамга жетпейт.

Соцфонддун эсептөөлөрү боюнча, аларда 2040-жылга чейин пенсия төлөөдө маселе жаралбайт.

"Быйыл 13 млрд профицит менен чыгабыз. Андан тышкары пенсиялык фонддо 40 млрд сомдой ашыкча акча бар", - деди ал.

Алиев алар пенсия төлөөдө кандайдар маселеге туш болбошу үчүн реформа жүргүзүп жатканын, анын алкагында айрым жарандар үчүн мөөнөтөнүн мурда пенсияга чыгуу жана башка нерселер алынганын билдирди.

Реформанын экинчи баскычында тилектештик топтомо системасына өтүү пландалууда. Учурда Соцфонд даярдык иштерин жүргүзүүдө. 
 


Тектеш материалды окуу