Жарыяланган
2024-18-12, 16:50Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.
Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы кызматын аркалаган.
Ал эми Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов ЭТТН жана акциздик маркалар боюнча чырдан улам иштен алынган.