Жарыяланган
2025-05-09, 14:42Кыргызстанда альтернативдик кызмат же бир айлык аскердик кызмат (мобилизациялык резерв жыйыны) өтөй турган жарандардан бюджетке алына турган жыйымды кымбаттатуу сунушталууда. Муну Коргоо министрлиги демилгелеп, тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.
Министрлик Статистика комитетинин маалыматына таянып, өлкөдөгү экономикалык абал жакшырган белгилейт. Алсак 2017-жылы 14.3 миң сом болгон орточо номиналдык айлык акы 2024-жылы 35.8 миң сомго жеткен. Экономикалык өстү, инфляция болгонун эске алуу менен альтернативдик кызмат же бир айлык аскердик кызмат өтөгөндөр бюджетке төлөй турган акчанын суммасын көтөрүү сунушталууда.
Сунушка ылайык:
- аскерге барбаган 22-40 жаштагы жарандар бир айлык аскердик кызмат өтөө үчүн 75 миң сом төлөшү керек болот (азыр 50 миң сом). Бир айлык аскердик жыйынга альтернативдик кызмат өтөгөндөр өз каалоосу боюнча бара алат. Алар үчүн да акы 75 миң сом болгону жатат;
- жашы 30га жете элек, жогорку билими бар, аскердик каттоодо биринчи категориядагы запаска кирген жарандар офицердик наам алуу үчүн бир айлык офицерлерди даярдоо программасынан өтөм десе, 90 миң сом төлөйт (азыр 70 миң сом);
- үй-бүлөлүк жагдай боюнча альтернативдик кызмат өтөй тургандарга 25 миң сом (азыр 18 миң сом);
- ден соолугуна байланыштуу альтернативдик кызмат өтөй тургандарга 40 миң сом (азыр 25 миң сом);
- өлкөдө катталган диний уюмдардын мүчөсү болгон жана диний көз карашы боюнча курал кармоого, аскерде кызмат кылууга болбой турган жарандар, ошондой эле коом үчүн пайдалуу жумуштарды аткаруу каалоосун билдиргендер 50 миң сом төлөйт (азыр 25 миң сом);
- аскерге барбаган же альтернативдик кызмат өтөбөгөн, ошондой эле бир айлык аскердик кызматка барууну каалабаган жашы 25ке жеткен же андан улуу жарандар 50 миң сом (азыр 25 миң сом) төлөп, экинчи категориядагы аскердик билет ала алат.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоору боюнча Аскердик милдет тууралуу мыйзамда альтернативдик кызмат же бир айлык аскердик кызмат өтөө үчүн алына турган жыйымдын суммасы көрсөтүлбөй турган болот. Аны өкмөт аныктамакчы.
Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкууга гана чыгарылды, азырынча кабыл алына элек.