Жарыяланган
2025-05-09, 16:08Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемелерге ылайык, Болот Жусупбеков министрдин биринчи орун басары жана Алмаз Мусаев орун басар болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, буга чейин министрдин биринчи орун басары болгон Кубат Касейинов жана министрдин орун басары кызматын аркалаган Мирслав Аманкулов жумуштан бошотулган.
Жаратылыш министринин жалпы 4 орун басары бар.