Akchabarsearch
Амангельдиев: Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн тышкы карыз албай калды

Жарыяланган

2026-18-05, 17:01

Амангельдиев: Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн тышкы карыз албай калды

Кыргызстан мындан ары бюджетти колдоо, социалдык чыгымдарды каржылоо жана айлык маяналарды төлөө үчүн тышкы карыз албайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карыз алуу саясаты өзгөрдү. Эми тартылган каражаттар экономиканын реалдуу секторуна жана өзүн актай турган долбоорлорго гана багытталат.

«Мурда бюджетти колдоо үчүн карыз алчубуз. Азыр мындай муктаждык жок», — деди Амангельдиев.

Анын айтымында, азыркы экономикалык көрсөткүчтөр Кыргызстанга кошумча карыз алууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок өкмөт бул каражаттарды экономикалык пайда алып келе турган долбоорлорго гана пайдаланууну чечкен.

Амангельдиев буга чейин Кыргызстан чет өлкөлөрдөн грант жана бюджеттик колдоо алуу үчүн көп кайрылып келгенин да эске салды.

 


Тектеш материалды окуу