
Жарыяланган
2026-04-08, 16:55Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы мурда 1.9 млрд долларды түзсө, азыр 1.4 млрд доллар карызы калды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мыйзам боюнча өлкөнүн тышкы карызынын 50%дан көбү бир эле мамлекеттен алынбашы керек. Учурда Кытайга болгон карыз Кыргызстандын жалпы тышкы карызынын 20%дан ашыгын түзөт.
Касымалиев белгилегендей, Кытайдан тышкары өлкөнүн тышкы карызынын негизги бөлүгү Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктан алынган узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялардан турат.
Ошондой эле ал мамлекеттик карыздын деңгээли тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттин ички карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 60%ынан ашпоого тийиш. Бирок президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык бул көрсөткүч 50%дан ашпашы керек. Азыркы учурда ички карыз ИДПнын 42%ын түзөт.
Касымалиев мамлекеттик карыз көбөйүп кетти деген пикирлерге жооп берди. Анын айтымында, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да мамлекеттик карыздын деңгээли жогору. Мисалы, АКШда карыз ИДПга карата 121%ды, Японияда 251%ды, Улуу Британияда 102%ды, Францияда 112%ды, Италияда 136%ды, Канадада 106%ды, Испанияда 102%ды, ал эми Сингапурда 175%ды түзөт.
Ал эми Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 22%ды түзөт.



