
Жарыяланган
2026-13-07, 15:40Аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш күнүн кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмес. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, азыркы Эмгек кодексинде күн адаттагыдан ашыкча ысыган маалда иш күнү кыскартылыш керек деген нерсе жок. Бирок мыйзамдарга ылайык, иш берүүчү кызматкер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүшү керек.
“Министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин жана ал кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын эскертет”, - деп айтылат маалыматта.



