Akchabarsearch
Улуттук банк 2025-жылы каржы секторундагы мыйзам бузуулар үчүн дээрлик 11 млн сом айып пул салган

Жарыяланган

2026-13-07, 16:21

Улуттук банк 2025-жылы каржы секторундагы мыйзам бузуулар үчүн дээрлик 11 млн сом айып пул салган

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Улуттук банкы каржы секторундагы мыйзам бузуулар үчүн жалпысынан 10.9 млн сом өлчөмүндө айып пул салган. Бул тууралуу жөнгө салуучунун жылдык отчетунда айтылат.

Айып пулдардын эң чоң бөлүгү — 7.8 млн сом — үч микрофинансылык уюмга, бир кредиттик союзга жана 137 алмашуу бюросуна туура келген.

Мындан тышкары, 123 алмашуу бюросунун лицензиясынын иши убактылуу токтотулса, дагы 12 алмашуу бюросунун лицензиясы толугу менен кайтарылып алынган.

Нак чет өлкө валютасын лицензиясыз алмаштыруу ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүнүн алкагында Улуттук банк Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 178 текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында 178 жеке жакка жалпысынан 3.1 млн сом өлчөмүндө айып пул салынган.


Тектеш материалды окуу