Akchabarsearch
Быйыл төрт айда өлкөгө 1.2 миң тоннадан ашык пальма майы импорттолду

Жарыяланган

2026-13-07, 18:19

Быйыл төрт айда өлкөгө 1.2 миң тоннадан ашык пальма майы импорттолду

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 156.3 млн сомго пальма майы импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө жалпы 1 миң 253.4 тонна пальма майы импорттолгон.

Кыргызстан бул майды Малайзия (891.9 тонна), Индонезия (225.8 тонна), Казакстан (68.6 тонна) жана Россиядан (67.1 тонна) ташып келген. 


Тектеш материалды окуу