
Жарыяланган
2026-13-07, 19:44BAKAI банкы Яндекс Go менен биргеликте банк кардарлары үчүн жаңы акцияны ишке киргизди.
Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлап, аны менен төлөм жүргүзгөн бардык карта ээлери активдүүлүгүнө жараша такси сапарларынан 15% чейин арзандатуу ала алышат:
* Алгачкы 5 сапарга 15% арзандатуу. Бул буга чейин Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлабаган жана сапарлар үчүн накталай акча, QR-код же башка банктардын карталары аркылуу төлөп келген колдонуучулар үчүн.
* Мурда BAKAI картасын Яндекс Go’до колдонуп, бирок акыркы 6 ай ичинде аны менен жол акысына төлөм жүргүзбөгөн колдонуучулар үчүн алгачкы 3 сапарга 5% жеңилдик берилет.
Мындан тышкары, BAKAI картасынын бардык ээлери ар бир сапар үчүн кошумча 3% кешбэк алышат.
Жеңилдик Бишкек, Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы «Комфорт» тарифи боюнча колдонулат.
Эгер сизде азырынча BAKAI картасы жок болсо, анда жеткирүү кызматы менен Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарын тиркеме аркылуу буюртма кылсаңыз болот.
Акцияга кантип катышууга болот:
1. Яндекс Go мобилдик тиркемесине катталыңыз.
2. BAKAI картасын байлап, аны негизги төлөм каражаты катары тандаңыз.
3. Сапарлар үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу BAKAI картасы менен жүргүзүңүз.
“Бул акция BAKAI кардарларына күнүмдүк сапарларынан үнөмдөөгө жана ошол эле учурда коопсуз санариптик төлөмдөрдүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Бул – кардарлар үчүн ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүүгө багытталган стратегиябыздын бир бөлүгү”, – деп белгилешти банк өкүлчүлүгү.
Акциянын мөөнөтү 2026-жылдын 6-июлунан 6-октябрына чейин - арзандатуулар акциянын толук мөөнөтүндө жана акция аяктагандан кийин дагы 1 ай бою күчүндө болот. Уюштуруучулар акциянын талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлдөөгө жана эреже бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.
*Арзандатуунун максималдуу өлчөмү чектелген: 15% арзандатуу колдонулганда бир сапар үчүн 50 сомдон, ал эми 5% арзандатуу колдонулганда, бир сапар үчүн 17 сомдон ашпайт.



