
Жарыяланган
2026-13-07, 16:46УКМК Кыргызстанга уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирип, Бишкектеги соода жайларында сатып жүргөн трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашырылып, тиешелүү төлөмдөрү төлөнбөй жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөй өлкөгө киргизилген ири көлөмдөгү уюлдук телефондор алынган.
Бул иш боюнча мыйзамсыз алып кирүү каналын уюштургандардын бири — чет өлкөнүн жараны «Н.Б.Ж.» жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери «Б.И.М.» кармалган. Маалыматка ылайык, салык кызматкери акчалай сый акы үчүн контрабандалык товарларды өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
УКМК каттоодон өтпөгөн электрондук техникалардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү салык жана бажы мыйзамдарын бузуу менен катар коомдук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.



