Akchabarsearch
Чет элдик унааларды мыйзамдаштыруу: Жүк ташуучу унаа, кичи автобустарды да мыйзамдаштырууга болот

Жарыяланган

2026-13-07, 17:41

Чет элдик унааларды мыйзамдаштыруу: Жүк ташуучу унаа, кичи автобустарды да мыйзамдаштырууга болот

10-июлдан 1-сентябрга чейин жүрө турган чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун алкагында жеңил унаа жана жолтандабастар гана эмес, жүк ташуучу унаалар, кичи автобустар, автобустар, электр унаалар да мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Унааларды каттоо борбору билдирди. 

Ошондой эле быйылкы мыйзамдаштыруу жараяны учурунда былтыркыдан айырмаланып бир жарандын атына бир гана унааны каттоого уруксат берилет. Былтыр бир жарандын атына бир нече унааны каттоого мүмкүн болгон. 

Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн. 

Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Эми аларга 10-июлдан 1-сентябрга чейин унааларын мыйзамдаштырып алууга дагы бир мүмкүндүк берилүүдө. Бул жолу үлгүрбөй калгандар унааларын мыйзамдаштыра албай калат. 

Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды гана мыйзамдаштырууга болот.

Мыйзамдаштыруунун акысы буга чейинкидей эле калат: унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпагандар 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле чет элдик номерлүү электр унаа ээси 50 миң сомду төлөшү керек болот.  


Тектеш материалды окуу