
Жарыяланган
2026-28-04, 15:52Бишкек – Ош каттамы боюнча билеттин баасы 1-майдан баштап 6 миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Монополияга каршы кызматтын башчысы Айбек Мамыралиев билдирди.
Мамыралиевдин айтымында, буга чейин депутат Уланбек Жаанбаев Бишкек – Ош багыты боюнча баалар 10 миң сомго чейин чыгып жатканын айткандан кийин алар тиешелүү иштерди алып барышкан. Териштирүү учурунда билеттер 10 миң сомго чыкпаса да, айрым компаниялар бааларды 8 миң сомдон ашырып коюп алганы аныкталган.
Ал учурда аталган маселе жөнгө салынганын, эми 1-майдан тарта Бишкек – Ош каттамы боюнча билеттин баасы 6 миң сомдон ашпай турганын билдирди.

