
Жарыяланган
2026-28-04, 17:29Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков өкмөткө бензин-дизелдин баасын ылдыйлатуу жана кескин кымбаттабашы үчүн салык жана башка төлөмдөрдөн убактылуу бошотууну сунуштады.
Жумабеков азыр бензин-дизелдин ар бир литринен 1 сомдон жыйым алынып жатканын, андан тышкары маркировка, кошумча нарк салыгы алынарын белгиледи. Болжол менен алар күйүүчү майдын баасынын 12-15 сомун түзөт.
Анын айтымында, аталган жыйымдардан 1-2 айга убактылуу бошотуп, күйүүчү майдын баасын ылдыйлатып, жер иштеткен дыйкандарга шарт түзбөсө, күзүндө азык-түлүктүн баасы кыйла кымбат болот.

