Жарыяланган
2026-28-04, 18:01Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү максатында «Чаткал Резорт» жана «Чоктал-Резорт» ири курорттук объекттери курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн кеңешмеде айтылды.
Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курорту курулат. «Чаткал Резорт» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде, жеке инвесторлорду жана адистешкен компанияларды тартуу менен ишке ашырылат. Долбоор 2026–2034-жылдар аралыгында аткарылары пландалууда.
Анын максаты — жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактын экономикасын өнүктүрүү жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү. Ошондой эле Өзбекстан менен транспорттук байланыштарды жакшыртуу үчүн эл аралык автокоридор түзүү да каралган.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде «Чоктал-Резорт» эл аралык деңгээлдеги туристтик комплексин куруу долбоору да талкууланды. Ал 5 жылдыздуу, жыл бою иштеген заманбап курорт катары пландалууда.
Комплексте заманбап технологиялар колдонулуп, кызмат көрсөтүү деңгээли жогору жана башкаруу процесстери автоматташтырылат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл

