
Жарыяланган
2026-19-06, 16:41Май жана газ куюучу жайларда жана алардын жанында спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Депутат май куюучу жай айдоочулар бат-бат каттаган жер болгонуна карабай, ал жакта спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынбаганын белгилейт: айдоочу май куйганы барып, жанына ичимдик ала кетип, аны ичип да алышы мүмкүн.
Эгер май куючу жайларда ичимдик сатуу токтотулса, бир жагынан айдоочулар үчүн ичимдик сатылган жерлер азаят, экинчи жагынан ичип алып, рулга отуруу деген нерсени алдын алууга болот.



