
Жарыяланган
2026-19-06, 17:26Улуттук банк бир акча алмаштыруучу жайга айып салып, дагы бирөөнүн лицензиясын убактылуу токтотту.
Аталган мекеменин маалыматы боюнча, Бишкек шаарында “Опция” акча алмаштыруучу жайы өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы үчүн лицензиясы 19-июндан 4-июлга чейин токтотулган.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунда белгиленген талаптарды бузганы үчүн акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом айып салынган. Белгилей кетсек, Улуттук банк айыпка жыгылган акча алмаштыруу жайлардын атын ачыктабайт.



